Коом

Акылбек Жапаров: «Кыргызстан келечекте Андаш менен Талды-Булакты өз алдынча иштетет»

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келечекте Кыргызстан «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин алкагында Андаш, Талды-Булак сыяктуу ири кендерди өз алдынча иштете турганын билдирди.

«Президент коррупция менен кантип күрөшүү керектигин «Кумтөрдүн» мисалында көрсөттү. Мамлекет башчысы чоң акчадан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору койгон. Жыйынтыгында биз жеңдик. Биз Кумтөрдүн бардык техникасын жана мүлкүн улутташтырдык. Бул талаа бизге узак убакыт бою кызмат кылат. Эми «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин алкагында Андаш, Талды-Булак сыяктуу ири кендерди өзүбүз иштетебиз. Алтын – бул наркы дайыма өсүп турган ресурс. Акча — бул ар тараптан камтылууга тийиш болгон курал. Ал үчүн механизмдерди киргизүү керек”, — дейт Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button