Коом

Баткен облусунан 150 бала Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” ден-соолукту чыңдоо борборуна жөнөтүлдү

Баткен облусунан 150 бала Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” ден-соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин  атайын буйругунун негизинде  Ысык-Көл облусунун    Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборунда, түзүлгөн  графикке жана квотага ылайык  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ата-энесинен ажыраган  12 жаштан 14 жашка чейинки балдардын  эс алуусу уюштурулууда.

«Баткен облусунан жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жалпысынан 150 бала  аталган борборго жөнөтүлдү. 10 күндүк эс алуу, тамак -аш,  балдардын ден соолугун чыңдоо, КР Саламаттык сактоо министрлиги  тарабынан каржыланды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, аталган борбордо  20-июндан 30-июнга чейинки эс алууда балдар менен атайын психологдор да иштешет. Мындан сырткары балдар үчүн ар кандай көңүл ачуучу маданий программалар да уюштурулмакчы.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button