Саясат

Нуртазин Джетыбаев мамкурулуштун директору болду

Нуртазин Джетыбаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Садыр Жапаров кол койгон башка бир жарлык менен Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду.

Курулуш инженери Нуртазин Джетыбаев буга чейин Президенттин иш башкармалыгында жетекчинин биринчи орун басары кызматын аркалап турган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button