Кылмыш-кырсык

Төө-Ашууда тоннелдин ичинде «Лексус-470» өрттөнүп, каттам убактылуу жабылды

Бүгүн, 5-июлда саат 15:50 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун К.Көлбаев атындагы туннелинен өтүп баракан «Лексус-470» унаасы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп, учурда тоннель аркылуу өтүү убактылуу токтотулган.

«Аавтоунаада эки адам болгон, алар жабыркаган жок. «Кыргызавтожол” МИнын туннелдеги кызматкерлери башка куткаруучулар менен бирдикте автоунаадагы жүргүнчүлөрдү коопсуз жерге аман-эсен алып чыгарып кеткен. Автоунааны өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес, кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп калган. Күйүп кеткен унааны сыртка чыгарып, электр жарыгы жандандырылгандан кийин каттам ачылат», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, унаа жаңы орнотулган газ жабдуудан улам өрттөнгөн. Толук маалымат кошумча берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button