Коом
1-августтан тарта «Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору жабылат. Себеби
«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Баткен», «Жалал-Абад» аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бул убакытка чейин жүргүзүлгөн эмес.
Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун төшөлмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, оңдоо иштерин 2022-жылдын 1-ноябрында аяктоо пландалууда.
«Манас» ачык акционердик коому кардарларларынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.