Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд куб метрге жетти

Бүгүн, 5-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 972 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 556 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 449 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын жогорку чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button