Коом

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат.

«ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери беш аймакта эртең мененки саат 05:00дөн 21:0021:00-22:00гө чейин жүргүзүлдү. Суучулдар 20 метр тереңдикке киришти, көп сандаган куткаруу топтору тартылды. Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болбоду», — дешти ведомстводон.

Министрликтен кыздын үй-бүлөсү куткаруучулары жок жапайы пляжда эс алгандыгын, муну менен коопсуздук эрежелерин бузгандыгын кошумчалашты. Андан тышкары, ал күнү аба ырайы начар болгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылы туулган Н.А., аттуу кыз үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда болжол менен саат 15:00дөр чамасында Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосундагы пляжда сууга чөгүп кеткен. Кыз матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал болуп, толкун агызып кеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button