Коом

Баткенге жардам. Таласта 22 пункт ачылып, 850 миң сом чогулду

Баткенге жардам көрсөтүү максатында Таластын төрт районунда гуманитардык жардамдарды чогултуучу 22 пункт ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чогулган жардам ӨКМдин коштоосунда кечке маал Баткенге жол тартуусу күтүлүүдө. Аймакта азык-түлүк жана саат 15:00гө карата 850 миң сом акча каражаты чогулду.

Талас облусунун төмөндөгү райондорунда жайгашкан мамлекеттик администрацияларга байланышып, жардам көрсөтүүгө болот:

— Бакай-Ата району;

— Кара-Буура району;

— Манас району;

— Талас району.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button