Иликтөө: Садыр Жапаровдун рейтинги өстү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун рейтинги өсүүдө. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.
Сурамжылоо 2022-жылдын 10-августунан 2022-жылдын 5-сентябрына чейин жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку курактагы 1500 кыргызстандык катышты.
Сурамжылоонун жыйынтыгында Садыр Жапаровго респонденттердин 38 пайызы ишенсе, 2022-жылдын апрель айында бул көрсөткүч 34 пайызды түзгөн. Мамлекет башчыдан кийинки экинчи орунду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ээледи – ага респонденттердин 18 пайызы ишеним көрсөттү, бул апрель айындагы көрсөткүч.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго респонденттердин 11 пайызы ишенет. Бирок эл депутатына ишеним төмөндөп баратат – апрелде бул көрсөткүч 13 пайызды түзгөн.
Анын кесиптеши Адахан Мадумаровго респонденттердин 10 пайызы ишенет. Анын рейтинги мурунку сурамжылоого салыштырмалуу эки пайызга жогорулаган.
Депутат Эрулан Кокуловго азыр кыргызстандыктардын 4 пайызы ишеним көрсөтсө, апрелде ал 5 пайызды түзгөн.