Коом

Академик М.Мамытов мамлекеттер аралык сыйлыктын лауреаты болду

Нейрохирург, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Миталип Мамытов мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдыздары” сыйлыгынын лауреаты болду.

Сыйлык жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү эң олуттуу жетишкендиктери үчүн, дүйнөлүк жетишкендиктердин деңгээлине туура келген жана катышуучу өлкөлөрдүн ар биринин да, жалпы Шериктештиктин да өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн ыйгарылат.

Сыйлыктын суммасы 2 миллион рублди түзөт. 2022-жылы жогорку сыйлыкка сегиз өлкөдөн 12 талапкер арыз берген.

Лауреаттарды салтанаттуу сыйлоо аземи 2022-жылдын декабрь айында Ташкентте Чыгармачыл жана илимий интеллигенция форумунун алкагында өткөн.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button