Коом

ӨКМ эскертет! 11-январдан тарта катуу суук болот, жолго чыкпай туруңуз

Кыргызстанда 11-январдан тарта өтө катуу суук болушу күтүлүп жаткандыгын ӨКМ билдирди.
«Өлкө синоптиктеринин божомолунда, 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак болуп, күрткү жаралат. Аномалдык суук кыштоолордо мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп айтылган билдирүүдө.
ӨКМ мал чарбасындагыларга жана жолго, эс алууга чыгууну пландагандарга кайрылып, коопсуздук жаатында эскертүү берген.
«Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз», — деген ӨКМден.
Кыргызстанда кийинки жумада аяз күчүнө кирип, 20 градуска чейин суук болорун мурдараак Кыргызгидромет да билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button