Коом

Ошто эс алуу жайындагы мушташка катышкан УКМК кызматкерлери иштен алынды

2-январда Ош шаарындагы Sky Bar оюн-зоок мекемесинде орун алган УКМК кызматкерлеринин катышуусундагы мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органына шек келтиргендиги үчүн окуяга катышкан кызматкерлерди кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Учурда аталган факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button