Коом

Кудрет Тайчабаров “Бишкек” ЭЭАнын жетекчилигинен кетти

Кудрет Тайчабаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорлугунан өз каалоосу менен кетүү арызын жазды. Маалыматты «Кабар» агенттигине өзү тастыктаган.

«Бирок тиешелүү буйрук чыга элек. Учурда жумуш ордумдамын жана чечимди күтүп жатам», — деди ал.

Тайчабаров кызматтан кетүүсүнө ден соолугу себеп болгондугун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров аталган кызматка 2022-жылдын 14-ноябрында дайындалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button