Коом

Ош шаарында кыргыз тилин даңазалаган инсталляция орнотулду

Ош шаарынын “Жеңиш” аянтына белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрүн чагылдырган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, ОшМУнун проректору, шаардык мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү Мастура Шарипова, жаштар катышты.

Анын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдер сыйланышты.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button