Коом

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын күрөөдө турганы аныкталган эмес

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Түштүк Кореянын «Медисон Ко» корпорациясы менен Кыргызстанга медициналык жабдууарды алып келүү боюнча 1998-жылы түзүлгөн келишими туурасында окуу жайдын жетекчилиги түшүндүрмө берди.

Ректораттын маалыматына караганда, медициналык жабдуулар университетке келген эмес жана балансына да алынган эмес. КУУнун имараты, анын ичинде №1 окуу корпусу эч кандай кредиттин алкагында күрөөгө коюлган эмес. Бул маалыматты Кыймылсыз мүлккө укук Мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө тастыктайт. КУУнун имаратынын күрөөгө коюлгандыгын тактоо боюнча 2000-жылдан бери бир нече деңгээлдеги текшерүүлөр жүргөн. Бирок күрөөдө турганы аныкталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button