Мекеме жетекчисинин кармалышы тууралуу маданият министрлиги расмий билдирүү таратты


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагындагы мекемелердин биринин жетекчисинин кармалышы тууралуу маалымат каражаттарында тараган кабарларга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз:
Министрлик бул окуяга кылдат көз салып, калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүлөрүнө ишенет. Учурда кармалган кызматкерге карата тергөө амалдары жүрүп, бирок анын күнөөсү сотто далилдене электигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, адамдын күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен гана аныкталат, жана ар бир жаран күнөөсү далилденмейинче күнөөсүз деп эсептелет.
Министрлик коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн толук түшүнөт жана мыйзамдуулук, ачык-айкындык жана адилеттүүлүк принциптерин карманарын баса белгилейт. Министрлик укук коргоо органдарынын жана соттун калыс чечим чыгарарына ишенет. Ошондой эле мыйзам чегинде жардам көрсөтүүгө даярдыгын баса белгилейт.
Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн да расмий тергөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин, эрте жыйынтык чыгарбоого жана маалыматтарды объективдүү түрдө чагылдырууга чакырабыз.
Министрлик бул иш боюнча жаңы расмий маалыматтар түшкөн сайын коомчулукту кабардар кылып турат.