6-февралга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөдө күн ачык болот. Эртең менен айрым аймактарда туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө -1…+4, Талас аймагында +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаада +2…+4, Ош шаарында +8…+10 градуска чейин көтөрүлөт.