Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэл Макрон 22-сентябрда Сауд Арабия менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды, анын ичинде Израил менен Палестинадагы абалды жөнгө салууга багытталган саммитте билдирди. Саммит БУУнун Нью-Йорктогу штаб-үйүндө өтүп жатат. Франциянын Палестина мамлекетин тааный турганы буга чейин эле белгилүү болгон. Макрон бир нече ай мурда эле ушундай ниетин билдирген. Ал БУУнун трибунасында мындай чечим тынчтыкка жол ачышы керектигин кайталады.
Бир күн мурда Улуу Британия, Канада, Португалия жана Австралия Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Мальта, Андорра, Бельгия, Люксембург жана Сан-Марино дагы ушундай чечим кабыл алганын жарыялайт.
Израил АКШ менен Европада террордук деп табылган ХАМАС тобу 2023-жылы 7-октябрда барымтага алган ондогон израилдиктер дагы эле бошотула электигин белгилеп, мындай чечимди кескин сынга алып, «террорго багынып берүү» деп атаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху жекшемби күнү эл аралык деңгээлде Палестинаны мамлекет катары таанууга каршы күрөшөрүн билдирди. Азырынча Америка Кошмо Штаттары дагы каршы болууда.

