Газага гуманитардык жардамдар жете баштады


 Бул тууралуу Анадолу агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, Израиль менен ХАМАСтын Газа тилкесинде ок атышпоо келишими ишке ашкандан кийин гуманитардык жүк ташыган унаалар бара баштады.

Жүк ташуучу унаалар Газага тилкенин түштүк бөлүгүндөгү Израиль көзөмөлдөгөн Карм-Абу- Салим көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу кирип жатат.

Газа тилкесиндеги ок атышпоо режими Египеттеги сүйлөшүүлөрдө жетишилген тараптардын макулдашууларына ылайык, 10-октябрда күчүнө кирди.

Израилдин армиясы «сары линия» деп аталган бөлүктөн өзүнүн аскерлерин чыгарып баштагандыгын жарыялады.

Күн сайын Газа тилкесине гумжардам ташыган 600 жүк ташуучу унаа кириши күтүлүүдө.

Эки жылдын ичинде Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис катастрофалык деңгээлге жеткени айтылууда.