Жаңы жылдан баштап кафе-ресторандар тейлөө үчүн акы албайт


Экономика министрлигинин Монополияга каршы саясат, атандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева билдиргендей, кафе-ресторандарга 10-15% тейлөө акы алганга тыюу салган өкмөттүн токтому чыкты. Токтом 2026-жылы 1-январда күчүнө кирет.

Документке ылайык, келерки жылдын башынан тарта тамактануучу жайларга тейлөө акысын алганга тыюу салынат. Кафе-ресторандардын көрсөткөн тейлөө акысы тамактын баасынын ичинде болушу керек.

Ошол эле учурда келген кардар өз каалоосу менен чайпул калтыргысы келсе, ага тыюу салынбайт.