Бүгүн Аламүдүн-Кант жолунда поезд менен жеңил унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, машинист темир жолго унаа чыга калганда поездди токтотууга аракет кылганы менен кагылышуу болгон. Кырсыкта жабыркагандар Кант шаарына жеткирилген.
«Кырсык болгон учурда өтмөк сигнализациясы талаптагыдай иштеп, көрүү мүмкүнчүлүгү канааттандырарлык болгон. Кагылышуу автоунаанын айдоочусунун жол эрежесин бузганынан улам келип чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы бардык жол кыймылынын катышуучуларын кырсыктарга жол бербөө үчүн темир жолду кесип өтүүдө этият болууга жана эрежелерди так сактоого чакырат.

