Эфиопияда поезд кырсыгынан кеминде 14 адам каза тапты


Эфиопиянын чыгыш тарабында поезд кырсыгынан кеминде 14 адам каза болуп, ондогон жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык күн мурун таңкы саат 02:00 чамасында болгон. Жүргүнчү ташыган поезд Жибути менен чек арага жакын жайгашкан Дэвеле шаарынан Дире Дава шаарына бараткан.

Кырсыктын себептери азырынча тактала элек, иликтөө иштери жүрүп жатат.