Apple 2027-жылы iPhone 19дун ордуна iPhone 20 чыгарат


Америкалык Apple корпорациясы iPhone 19дун ордуна 2027-жылы iPhone’дун 20 жылдыгын белгилөө үчүн iPhone 20 чыгарат. Бул тууралуу Известия ETNews маалымдаганын жазды.

Басылма белгилегендей, Apple 2027-жылдын биринчи жарымында iPhone 18 жана iPhone 20, ал эми жылдын экинчи жарымында iPhone 20 Air, Pro, Pro Max жана iPhone Fold 2 чыгарат.

Apple 2017-жылы 10 жылдыгын белгилегенде да ушундай ыкма колдонуп, iPhone 9 чыгарбай, анын ордуна iPhone 8 жана iPhone X’ти тааныштырган.