Таиланддагы 12 провинцияны каптаган суу ташкындан 1,2 миллиондой үй-бүлө жана 3,6 миллионго чукул адам жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Өрт жана кырсыктарды алдын алуу департаменти 28-ноябрда билдирди.
Өкмөттүн маалымат катчысы Сирипонг Ангкасакулкият Бангкокто өткөн брифингде маалымдагандай, табият кырсыгы сегиз провинцияда 145 адамдын өмүрүн алды. Айрыкча Сонгкла провинциясында мерт кеткендердин саны 110го жеткен.

