АКШ өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен мигранттар үчүн акча төлөйт


АКШ жаңы жылга чейин өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө макул болгон мигранттар үчүн төлөмдөрдү 3 миң долларга чейин көбөйтөт. Бул тууралуу Ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин билдирүүсүн аталган мекеме жарыялады, деп жазат Известия.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын январынан бери 1,9 млн мигрант өздөрүн өз ыктыяры менен депортациялаган.

Ноэмдин айтымында, мыйзамсыз мигранттар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өздөрүн депортациялашы керек.

«Анткени эгер алар андай кылышпаса, биз аларды табабыз, камакка алабыз жана алар эч качан кайтып келишпейт», — деди ал.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп 50 жылдан бери биринчи жолу өлкөдө мигранттардын чыгып жатканы байкалганын айткан. Ошондой эле Трамп кызматка киришерден мурун өлкөгө 25 млн мыйзамсыз мигрант киргенин белгилеген.