Москвага түшкөн кар 146 жылдагы метеорологиялык рекорддордун бештигине кирди


Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматка караганда, 9-январдагы кар катмары байкоо жүргүзүү мезгилиндеги эң калың делген бештикти толуктаган.

Синоптиктер шаарга жааган жаан-чачын айлык орточо көрсөткүчтүн 40% түзгөнүн белгилешти.

Акыркы 50 жылдагы күнүмдүк жаан-чачын рекорду да жаңыланды. Мурунку рекорд, 12,9 мм, 1976-жылы коюлган.

Адистердин айтымында, Москвада кардын максималдуу калыңдыгы 39 сантиметрден ашты. Черусти, Михайловское жана Серпуховдо рекорддук өлчөмдөгү кар катталды.

Окумуштуулардын белгилешинче, кышында шаарда калың кардын жаашы 5-6 жылда бир жолу кайталанат.