Чүйдүн Полтавка айылында өз энесин жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган киши кармалды


Анын карындашы милицияга арыз жазып, энесин ур-токмокко алган агасына чара көрүүнү суранган. Ал 45 жаштагы байкеси 76 жаштагы апасын уктап жаткан маалда жаздык менен тумчуктуруп, ур-токмокко алганын айткан. Кийинчерээк кишини WhatsApp тиркемесинен энесин өлтүрүү ниетин тастыктаган билдирүүлөрү аныкталган.

“Уруп-сабоо, кыйноо” беренеси менен иш козголуп, киши 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.