Президент Садыр Жапаров мамлекеттик «Кыргыз Туусу» басма үйүн түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Маалыматка таянсак, бул документ мамлекеттик маалыматтык саясатты бекемдөө жана мамлекеттик ЖМКларды жана алардын бюджеттик чыгымдарын оптималдаштырууну көздөйт.
Министрлер Кабинетине бир катар ЖМКларды бириктирүү тапшырмасы коюлду. Алар «Кыргыз Туусу» басма үйү, «Слово Кыргызстана» басма үйү, «Байчечекей» журналы, «Ала-Тоо» журналы,. Ал эми «Жетиген» жана «Кырчын» журналдары жоюлат.
Баарын бириктирип, «Кыргыз Туусу» мамлекеттик басма үйү түзүлөт. МинКаб жаңы басма үйүнүн жобосун жана штаттык бирдигин, бюджетин иштеп чыгып, аны бекитүүгө милдеттендирилди. Жаңы басма үйдүн штаттык бирдиги 22 кишиге чейин көбөйөт.
Указ кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

