Мугалим окуучуга көл көтөргөнү боюнча министрлик үн катты


Буга чейин соцтармакта мугалим окуучуга көл көтөргөн видео тарап, талкууга түшкөн.

Агартуу министрлиги окуя Бишкек шаарынын №87 жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили сабагы учурунда болгонун айтып мугалимдин жүрүм-турумуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Министрлик Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштерди дароо баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул окуя Агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.

«Агартуу министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары күчөтүлүп, республика боюнча бардык педагогдор менен кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Окуялардын алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөт», — деп жазылат маалыматта.