АКШнын киноакадемиясы быйыл 98-жолу тапшырыла турчу “Оскар” сыйлыгынын талапкерлерин расмий түрдө жарыялады. Бул жылы 24 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылат.
Ар бир номинациядан адаттагыдай эле бештен талапкер көрсөтүлдү. Ал эми башкы номинация – “Эң мыкты фильм” наамы үчүн он тасма ат салышат.
Сыйлык тапшыруу аземи 15-мартта Лос-Анжелестеги Dolby Theatre театрында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө түз эфирде көрсөтүлөт.
“Эң мыкты фильм” номинациясы боюнча төмөндөгү тасмалар көрсөтүлөт:
“Бугония” (Bugonia) — режиссеру Йоргос Лантимо;
“Формула-1” (F1) — режиссеру Жозеф Косински;
“Франкенштейн” (Frankenstein) — режиссеру Гильермо дель Торо;
“Гамнет” (Hamnet) — режиссеру Хлоя Чжао;
“Марти Великолепный” (Marty Supreme) — режиссеру Жош Сафди;
“Битва за битвой” (One Battle After Another) — режиссеру Пол Томас Андерсо;
“Секретный агент” (The Secret Agent) — режиссеру Клебер Мендонса Фильо;
“Сентиментальная ценность” (Sentimental Value) — режиссеру Йоаким Триер;
“Грешники” (Sinners) — режиссеру Райан Куглер;
“Поезда мечты” (Train Dreams) — режиссеру Клинт Бентли.

