Amazon 16 миң кызматкерин кыскартат


Дүйнөдөгү эң ири онлайн дүкөндөрдүн бири Amazon компаниясы күзүндөгү жумуштан бошотуулардан кийин дагы болжол менен 16 миң кызмат ордун кыскартууну пландап жатканын жарыялады.

«Биз бүгүн ишке ашырып жаткан кыскартуулар Amazon’догу болжол менен 16 миң кызмат ордуна таасирин тийгизет. Биз бул өзгөрүүлөргө туш болгон бардык кызматкерлерди колдоо үчүн кайрадан болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Өткөн жылдын октябрь айында Рейтер агенттиги Amazon компаниясынын акыркы үч жыл ичиндеги эң ири кыскартуу пландары тууралуу кабарлаган. Анда компаниянын 30 миңге чейинки корпоративдик кызматкери кыскартылары айтылган.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй компания 14 миң корпоративдик кызматкерин кыскартканын жарыялаган. Андан кийин, январь айында Рейтер агенттиги болжол менен ушундай эле сандагы кызматкерлерди камтыган кыскартуунун экинчи толкуну болорун кабарлаган.

Amazon — дүйнөдөгү эң ири онлайн-ритейлерлердин бири. Компания АКШдан тышкары Канада, Кытай, Бразилия, Япония жана Европа өлкөлөрүндө иш алып барат. Amazon.com интернет-дүкөнү 1995-жылдын июль айында ишке киргизилген.