Күзүндө чыга турган iPhone 18 Pro тууралуу алгачкы маалыматтар жайыла баштады


Интернет айдыңында Apple компаниясы 2026-жылдын күзүндө тартуулай турган iPhone 18 Pro тууралуу алгачкы маалыматтар жайыла баштады.

Смартфондун сырткы дизайнында кескин өзгөрүүлөр күтүлбөсө да, экрандын жогору жагындагы Dynamic Island аймагы кичирейип, атүгүл Face ID тутумунун экран астына өтүшү менен  жок болушу мүмкүн. Негизги жаңылануулар түзүлүштүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө тийиштүү. Смартфон жаңы муундагы A20 Pro процессору, энергияны кыйла үнөмдөөчү экран жана өзгөрүлмө диафрагмасы бар профессионалдык камера менен жабдылат. Ал эми Pro Max версиясы батареясынын сыйымдуулугу жогорулаганына байланыштуу бир аз калыңыраак жана оорураак болушу ыктымал.

Бул технологиялык жаңылыктын баасы 1 800 доллардан 2 500 долларга чейин жетери болжолдонууда. Белгилей кетчү жагдай, бул маалыматтар азырынча инсайдердик мүнөзгө ээ, ошондуктан айрым функциялар смартфондун акыркы версиясына кирбей калышы мүмкүн.