Мексикада коопсуздук күчтөрү «Халисконун жаңы мууну» (CJNG) наркокартелинин башчысы, «Эль Менчо» деген каймана ат менен белгилүү болгон Немесио Осегера Сервантести жок кылды.
Анын жетекчилиги астында картель Мексикадагы эң кубаттуу кылмыштуу уюмдардын бирине жана өлкөдөгү зордук-зомбулуктун негизги себепкерине айланган. Коопсуздук күчтөрүнүн бул операциясына жооп катары картелдин мүчөлөрү массалык башаламандыктарды уюштурушту. Кеминде алты штатта — Халиско, Мичоакан, Колима, Тамаулипас, Гуанахуато жана Агуаскальентесте автоунаа жолдору тосулду.
Бийлик коопсуздук боюнча ыкчам штабды тез арада чогултуу буйругун берди. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

