3-марттан тарта Бишкекте жаңы №62 каттам иштей баштады — ал Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин каттайт. Мэриянын маалыматына ылайык, каттамга экологиялык электробустар чыгарылып, багыт Б. Алыкулов, Л. Толстой жана Ауэзов көчөлөрү аркылуу өтөт.
Бул өзгөрүү шаардык транспорт системасын оптималдаштыруу жана борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтуу максатында жасалды. Буга чейин ушундай эле негизде №35, №45, №61 жана №51 каттамдардын кыймыл чиймелери өзгөртүлгөн, мэрия иштер мындан ары да этап-этабы менен уланарын билдирди.

