Ирандын Эксперттер кеңеши өлкөнүн лидери катары Можатаба Хаменеини тандашты


Ал эми Ислам революциясынын сакчылары корпусу (ИРСК) жаңы лидерге антын берип, анын көрсөтмөлөрүн аткарууга даяр экенин билдирди.

56 жаштагы Можатаба Ирандын мурдагы лидери, маркум Али Хаменеинин экинчи уулу. Ал ИРСКиде кызмат өтөп, Кумда диний билим алган.