Reuters агенттиги АКШ президентинин колдоо рейтинги 36%га чейин түшүп, рекорддук төмөн деңгээлге жеткенин жазды.
“Бул анын Ак үйгө кайтып келгенден берки эң төмөн көрсөткүчү. Президенттик кызматка киришкенде рейтинги 47% болуп, өткөн жайдан бери 40% айланасында кармалып келген”, — деп жазылган маалыматта.
Ошол эле учурда Wall Street Journal Пентагон Жакынкы Чыгышка болжол менен 3 миң десанттык аскер жайгаштырууну пландап жатканын жазды.

