Быйыл өлкөдө 80 миңден ашуун окуучу 11-классты аяктап жатат


Ал эми 9-классты 135 979 окуучу бүтүрүүдө.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн “Акыркы коңгуроо” аземине катышып, балдарга ак жол каалады.