Бишкек менен Шанхайдын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалууда


“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы Кытайдын China Eastern Airlines компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Манасбек Самидинов бул долбоор Кыргызстандын эл аралык авиациялык тармакка кошулушун камсыз кылууга багыт алган стратегиясынын бир бөлүгү экенин белгиледи.