Франциядагы катуу ысык кеминде 2000 адамдын өмүрүн алды


Франциядагы катуу ысык кеминде эки миң адамдын өмүрүн алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Стефани Рист билдиргенин TF1 телеканалы кабарлады.
«Министрлик бүгүн бир жуманын ичиндеги өлүмдүн санын жарыялады, ал 2 025ке жетти», — деген Рист.
Министр маалыматтар көз жумгандардын 60 пайызга чукулунун өлгөндүгү тууралуу документинин негизинде топтолгонун, андыктан каза тапкандардын саны өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Алардын арасында 45тен ашкандар көп.
Катуу ысыктан Европанын көп өлкөлөрү жабыркап жатат. Франциянын метеорология кызматы 96 департаменттин ичинен 76сында кооптуураак абал түзүлөрүн билдирген. Ысык 40 градуска чукулдап, бир катар жерлерде андан да ашып кеткен. Кырдаал Италия, Испания, Португалия жана Грецияда кыйын болуп жатат.