Японияда жер титирөөдөн улам 8 миң адам эвакуацияланды


Япониянын Кумамото префектурасында болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен 21 калктуу конуштагы 206 эвакуациялык борбордо 8 миңден ашуун адам эвакуациялык борборлордо жашап жатат. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен кеминде 4 622 турак жай жабыркаган.

Кырсыктан каза болгондордун саны 38 адамга жетти. Ошондой эле 13 адам оор жаракат алган.

Эскерте кетсек, 28-июлда катталган 7,1 баллдык жер титирөө Японияда акыркы жылдардагы эң кубаттуу жер титирөөлөрдүн бири катары бааланууда.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар менен катар Япониянын Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 4,6 миңге жакын аскер кызматкери тартылган.