8-августка карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Талас чөлкөмүндө +27…+32, Ысык-Көл аймагында +23…+28, Нарын регионунда +24…+29 градус ысык болот.
Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада жана Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +23…+28 градуска көтөрүлөт.