«Кыргызстандык жаран жаратылыш паркынын аймагында транспорт каражаты менен жүргөндүгү үчүн ири суммадагы айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери рейд учурунда мыйзамсыз түрдө мототранспорт менен парктын аймагында жүргөн жана «жайыт жерлерине зыян келтирген» мыйзам бузуучуну аныкташкан.
Мыйзам бузуучуга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Анын менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоонун зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, деп айтылат билдирүүдө.»

