Кытай өкмөтү жарандардын чет өлкөгө чыгуу жана өлкөгө кирүү тартибин күчөткөн жаңы эрежелерди киргизет. Тиешелүү документ 31-июлда жарыяланып, 15-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Жаңы тартип 19 пункттан турат жана чет өлкөдөгү коопсуздук тобокелчиликтерин алдын алуу системасын камтыйт. Жарандарга кооптуу деп эсептелген өлкөлөргө барбоо сунушталат. Чет өлкөгө чыгууда максат жана сапар пландары тууралуу так маалымат берүү талап кылынат, кошумча документтер да суралышы мүмкүн.
Эрежелерди бузган же миграциялык документтер боюнча алдамчылыкка барган жарандарга 3 жылга чейин чет өлкөгө чыгууга тыюу салынышы ыктымал. Ошондой эле чет өлкөдө кылмыш жасоо же улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттер үчүн да ушундай чаралар каралган.
Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө мыйзам бузган учурда Кытайга кирүүгө 1 жылдан 5 жылга чейин тыюу салынышы мүмкүн. Чыгуу-кирүү маселелери менен алектенген агенттиктер милдеттүү түрдө 15 күн ичинде каттоодон өтүшү керек.
Эксперттер бул өзгөрүүлөр трансчек аралык ишмердүүлүктү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталганын белгилешсе, кытайлык басылмалар чаралар геосаясий тобокелчиликтер, мыйзамсыз миграция жана алдамчылык фактыларынын өсүшү менен байланыштуу экенин билдирүүдө.

