Кечээ, 7-августта, Таиланддагы мектепте белгисиз адам ок ачкан. Башында эки адам каза болгону кабарланган.
Бирок кийинчерээк маалымат такталды: үч мугалим, үч окуучу жана кол салган адам өзү каза болгон. Дагы 15 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Алардын экөө оор абалда.
Трагедия болгон жерде укук коргоо органдарынын жана тез жардам кызматкерлери иштеп жатышат. Жергиликтүү тургундардан этият болууну жана сергек болууну суранышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ок атууну ушул мектептин 9-классынын окуучусу уюштурган. Андан кийин ал өз жанын кыйган. Таиланддын борбору Бангкоктун чет жакасындагы Нонтхабури провинциясында жайгашкан «Тхепсирин» орто мектеби, окуучуларды жогорку окуу жайларга даярдоо боюнча өлкөнүн мыкты мектептеринин бири катары белгилүү. Ал жерде 7-12-класстар окушат.
Буга чейин Таиландда Диана жана Роман Назимовдор өлтүрүлгөн. Өлкө бийлиги коопсуздук чараларын күчөтүүгө убада берген.

