Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилген эмес


Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары кытай тарапка берилген эмес. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Буга чейин соцтармакка видео тарап, музейдин эки кабаты кытай тарапка өтүп кеткени айтылган. Автор музейде экспозиция орнотулуп жатканын көрсөткөн.
Маданият министрлиги музей чет өлкөлүк мекемелерге ижарага берилбегинин айтты. Болгону 15-августтан 15-ноябрга чейин «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү» аттуу эл аралык көргөзмө өтөрү белгиленген.
«Аталган долбоор Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районунун музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине утурлай уюштурулууда», — деген мекеме.
Ошондой эле көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн каралган бош көргөзмө аянтчаларында болору кошумчаланды.