Жигит жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелүүдө


Жабыркагандардын ата-энелери кылмыш жазасын талап кылышууда.

Маалыматка ылайык, милицияга үч баланын ата-энеси кайрылган. Арыздануучулардын айтымында, 30-июнда болжол менен саат 3төн 4кө чейин 20 жаштагы жигит 4-7 жаштагы бир нече кызды жайга киргизип, аларга карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Балдардын бири жардамга чакырып, шектүү кармалды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин бузукулук беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча шектүү психикалык бузулууга байланыштуу акыл-эси соо эмес экени аныкталган.

Бирок ата-энелер текшерүүгө макул эмес жана тергөө учурунда тергөөчүлөр өзгөргөнүн, жашы жете электер милицияда узак убакыт болгонун, шектүүнүн ата-энеси жогорку окуу жайлардын биринин жетекчилиги менен байланышы бар экенин жана тергөөгө карата рычагдарды колдонушу мүмкүн экенин белгилешкен.

ИИБ тергөө иштери улантылып жаткандыгын жана процессуалдык чечим бардык зарыл болгон корутундуларды алгандан кийин КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кабыл алынарын баса белгиледи.