Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-августта «Лизун» деген каймана аты менен белгилүү болгон С.У.ны камакка алды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
4-августта Башкы аскер прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылып, «Лизун» 15-августка чейин №1 тергөө абагына киргизилген.
Ал КР УКМКнын 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча шектелүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаары боюнча УКМКнын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоро» деп аталган тобуна кирген спортчулардын, УКМК кызматкерлеринин, ишкерлердин, милиция кызматкерлеринин жана башка адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган.
Анда «Лизун» да аталган. Андан кийин Жакыпбеков, спорт чиновниги Айбек Ташматов, Балыкчы ОВДнын мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев жана УКМКнын мурдагы кызматкерлери, анын ичинде «Пито» жана «Вазелин» кармалышкан.

