«Бишкек Арена» стадиону расмий түрдө 5-октябрда ачылат

default

«Бишкек Арена» стадиону 2026-жылдын 5-октябрында расмий ачылат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми жаңы аренада биринчи ири иш-чара 31-августта өтөт – бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болот.

Ачылыш аземине Бишкекке ШКУнун саммитине катышуу үчүн келген чет мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Президенттин иш башкармалыгы 31-августтагы иш-чара стадиондун расмий ачылышы болуп эсептелбестигин тактады. «Бишкек Аренанын» салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өзүнчө өтөт.