12-августка карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Талас чөлкөмүндө +28…+33, Ысык-Көл аймагында +23…+28, Нарын регионунда +19…+24 градус болуп ысыйт.
Чолпон-Ата, Бишкек шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +34…+36, Ошто +36…+38, ал эми Чолпон-Атада +23…+25 градуска көтөрүлөт.