Бишкектеги соода борборунан бала бийиктиктен кулады


Бишкектеги соода борборунун биринде бала бийиктиктен кулады. Бул тууралуу социалдык тармактарда күбөлөр билдиришти. Алардын айтымында, кырсык кечээ, болжол менен саат 22:00дө болгон.

Маалыматта, «атасы чуркап келип, баланы буруп баштаганда, баланын кулагынан кан агып кетккен», — деп жазышат күбөлөр.

Тез жардам көрсөтүүчү шаардык клиникалык ооруканага төрт жаштагы бала кеч киргенде өтө оор абалда жеткирилген — мээси катуу жабыркаган, мээси чайкалган. Бала эс-учунсуз, жандандыруу бөлүмүндө, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Медиктердин айтымында, бала эскалатордон кулап кеткен.